Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында Нооруз майрамына карата "Төгүлгөн ыры дайра эле, төкмөдөн күлүк Майра эле" аталышындагы эл аралык айтыш өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Салтанат Аманова катышууда.
Айтыш кыргыз-казак акындарынын ортосунда өтүүдө.
Аталган иш-чаранын алкагында азык-түлүк жарманкеси болуп, шаар тургундары үчүн майрамдык маанай тартууланат.