УМКК Мамлекеттик салык кызматынын Алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жасалма алкоголдук продукцияны өндүрүү жана сатуу боюнча ишкананын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
Кара-Балта шаарында жайгашкан заводдон акциздик маркалар менен 15 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылган. Мындан тышкары, текшерүү учурунда 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер алынды. Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.