Кыргызстан кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мунир Ферози жетектеген Эл аралык каржы корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди. Анда кызматташуунун актуалдуу маселелери, энергетика тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу талкууланды.
Азиз Аалиев энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү кошуна мамлекеттердеги ийгиликтүү долбоорлордун оңдуу тажрыйбасын колдонуу маанилүү экенин билдирди. Мунир Ферози бул долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга даяр экенин айтты. Тараптар мындан аркы маселелерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү макулдашты.