Баткен облусунун Исфана шаары Раззаков шаары деп өзгөртүлүүдө. Бул боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, парламенттин колдоосуна ээ болду. Исфанага Исхак Раззаковдун ысымын берүү чечимин Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмердин 110 жылдыгына карата кабыл алган.
Исхак Раззаковдун ысымын Исфана шаарына ыйгаруу - белгилүү мамлекеттик ишмердин атын түбөлүккө сактоого багытталган. Шаарды кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоору 2 айдын ичинде даяр болду.