Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бир катар инфраструктуралык объектилерде болуп, алтын кендерге барды.
Аксы районундагы Ак-Терек каналындагы курулуш иштерин тездетүү, Кербен шаарындагы айланма жолду салып бүткөрүп, аэропортту жандандыруу тапшырмасын берди.