Бүгүн 18-мартта, саат 17:00дө КТРКда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын алдындагы “Кыргызтелефильм” студиясы тарткан “Нурбек агай” фильминин бет ачары өттү. Бул фильмдин бет ачарына Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, тарбиялануучулары Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, кино, маданият жана спорт чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.
Бет ачарда КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев сөз сүйлөп, фильмдин башкы каарманы, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча аялдар командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго, Эркин күрөш боюнча СССРдин жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаевге жана балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаровага урмат-сыйын көргөздү.
Фильмдин башкы каарманы - Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков. Ал дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлгөн спортчу кыздарды тарбиялаган адам.
Премьерадан кийин чыгармачыл топтун кармаандар менен жолугушуу жана талкуусу болду.
Белгилей кетсек, фильмдин автору жана режиссеру - КР эл артисти Тынай Ибрагимов,
Операторлор: Эрнес Мамытов, Бактияр Мурадил уулу,
Администратору: Адилет Молдобеков, Гульнара Дамир кызы,
Продюсери: Токомбаева Нуржан.