Ошто 5-кабаттан боюн таштаган 2 мектеп окуучусунун бири каза тапты. Экинчиси оор абалда облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Окуя 17-мартта Түштүк-Батыш кичи районунун аймагында катталган.
Шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматына караганда, кыздар Карл Маркс атындагы орто мектептин 7-классынын окуучулары болгон. Алардын өз өмүрүнө кол салуусуна эмне түрткү болгондугу боюнча милиция тарабынан атайын экспертиза дайындалып, иликтөө иши башталды.
Бул жыл башынан бери мектеп курагындагы балдардын өз өмүрүнө кол салган үчүнчү учур.