Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн казак жараны кармалды.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чара учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстандын жараны кармалган. Айтуусунда, ал Казакстандагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калган жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.
Алынган маалымат боюнча, анын Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматтар жок.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.