Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Ош шаарына биринчи этап менен 40 тонна кум шекер, 50 тонна өсүмдүк майы жеткирилет. Ал калаанын соода жайларында атайын кабыл алынган эреженин негизинде сатылат. Шаар башчысы ири азык-түлүк жайлары менен базарларды текшерип, сатуучуларга "жасалма тартыштык" жаратпоону тапшырды.