Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылдык аймагынын Курманжан Датка айылындагы сел өткөрүүчү каналды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул каналды тазалап, жээктерин бекемдөө менен 25 турак жайды сел каптоо коркунучунан коргоого болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык аймактарда өтүп жаткан Штабдык машыгуусунун алкагында мындай бир катар алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Ошондой эле машыгууга Жарандык коргонуу кызматтары катышып, эскирип калган электр чубалгылары алмаштырылды. Жалпы 3 инженердик техника тартылган.