16-мартта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам, кокту-колоттон агып түшкөн суудан пайда болгон кыян Сузак районуна караштуу Сузак-Кара-Дарыя жолунун бир тарабын жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жерине Сузак райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барып, кыяндын кесепеттерин арылтуу менен жол жабылган эмес.
Жол тейлөө ишканасынан 1 автогрейдер, 1 эвакуатор, 1 МАЗ жана Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн бир авто жүктөгүч тартылып, жолдун четине парапеттер коюлду. Учурда кыяндын кесепеттерин жоюулуп, жолду калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.