Жаңылыктар
Нарын: Долон ашуусуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын: Долон ашуусуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бүгүн, 17-мартта саат 10:30дар чамасында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 292-293-чакырым аралыктарындагы Долон ашуусуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн бийиктиги 8 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жерине Нарын облустук башкармалыгынын куткаруучуларынан турган ыкчам тобу жана райондук бөлүмдүн башчысы, Жарандык коргоону кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.

Ошондой эле жолду тазалоо максатында Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 8 кызматкер тартылган. Учурда жолду тазалоо иши жүрүүдө.