Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.