Анда материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн азык-түлүктү жеткиликтүү баада сатууну талкуулап, азыктарга болгон жалпы баалар жөнүндө сүйлөшүлдү. Фонддон Бишкек шаарына 200 тонна кум шекер, 80 тонна суу май бөлүнгөн.
Соода жайлардын жетекчилери муниципалитетти колдоп, төмөнкү товарларды сатуу үчүн аянтча бөлүп берүүгө даярдыктарын билдиришти. Калаа жетекчиси район акимдерине аянтчаларды аныктап, кум шекер менен суу майды сатууну уюштуруу тапшырылды. Дүкөндөрдүн дареги, товардын баасы боюнча кошумча маалымат берилет.