Бүгүн, 16-марттан 19-мартка чейин республиканын тоо этектеридеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кырсык болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына кайрылуу зарыл.