Жаңылыктар
Өлкөдө балык өстүрүү өрүш алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө балык өстүрүү өрүш алууда

Былтыр өлкөдө 10 миң тоннадан ашуун балык өндүрүлгөн. Анын жарымы Россия, Казакстанга экспорттолгон. Балык чарба департаментинин адистери Кыргызстанда балык өстүрүү тез өнүгүп жатканын белгилейт.

Алардын маалыматына ылайык, Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой көлмөлөрүнө жалпы 17 млн 600 миң майда балыктын үч түрү коё берилген. Учурда 194 балык чарбасы каттоодон өткөн, мындан тышкары майда чарбалар да бар. Ошондой эле, мамлекеттик токой фондунун жерлери 189 балык өндүрүүчүгө ижарага берилген. 

Алардын сексени ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатса, калганы даярдык иштери менен алек. Чарбалардын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан, батыш тарабында карп балыгын, ал эми чыгыш бөлүгүндө форель өстүрүү өнүккөн. Күрпсай, Үч-Коргон жана Шамалды-Сай суу сактагычтарында балык өстүрүүгө сынак жарыяланып, жакын арада ишкерлерге бекитилип берилет.

"Балык өстүрүүгө салым кошуп жатабыз. Күрпсай, Үч-Коргон жана Шамалды-Сай суу сактагычтарында 8 миңден 13 миңген тонна чейин балык өстүрүүгө мүмкүнчүлүк бар",- деди Балык чарба департаментинин адиси Кыдыр Жунушалиев.