Нарын облусундагы азык-түлүк соода түйүндөрү текшерилүүдө. Рейд облустун ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар мэри жана тиешелүү тармактардын жетекчилеринин катышуусунда өтүп, азык-түлүк бааларына жана сакталуу мөөнөтүнө мониторинг жүргүзүлдү.
Сатуучулар азык-түлүктүн кымбатташы Бишкектеги дүң соода түйүндөрүндө баа көтөрүлүп, күйүүчү майдын кымбатташы себеп болгонун билдиришти. Шаар мэри азык-түлүктүн кору жетиштүү экенин айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Ал эми бааларды негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулаарын эскертти. Ошондой эле жакынкы күндөрү облуска кум шекер, суу май алып келинип, атайын уюштурулган жарманкелерде жана дүкөндөрдө өз баасында сатылары айтылды.