Кыргызстан менен Эстония билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөнү макулдашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Томас Тирс менен жолугушкан учурда белгилүү болду.
Тараптар кызматташтыкты бекемдөө боюнча келечек пландарын белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн чогуу аракеттенүүгө, тажрыйба алмашып, эл аралык билим берүү долбоорлоруна катышууга даяр экендигин билдиришти.