Ошто үй алып берүүнү убадалаган "S-LINE" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси колго түштү.
Көпчүлүк жарандар кооператив убадалаган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 28 жаштагы кооперативдин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган кооперативден жабыркаган 24 жарандын арызы бар.
Алар 218 миӊ сом төлөп, ай сайын ала турган үйүнүн кооператив тарабынан белгиленген суммасын төгүп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген чыгым бир нече млн сомдон ашат. Учурда кооператив "Финансылык пирамида" катары иш жүргүзгөн деп шектелип жатат.