Жаңылыктар
Улуттук банк "Вестерн Юнион" системасы аркылуу акча которуулар боюнча маалымат берди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк "Вестерн Юнион" системасы аркылуу акча которуулар боюнча маалымат берди

Улуттук банк "Вестерн Юнион" системасынын иштеши тууралуу маалымат берди. Буга чейин тутум өз ишин Россия менен Беларуста токтото тургандыгын билдирген.

 "Вестерн Юнион ДП Восток" жоопкерчилиги чектелген уюму Россия менен Беларустан система аркылуу, 24-мартка чейин жөнөтүлгөн бардык которууларды алуучуларга төлөп берет. Ошол эле учурда Кыргызстандан башка өлкөлөргө акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт. 

Компания мындан ары да өлкөдөгү өнөктөштөрү, коммерциялык банктар менен түзүлгөн келишимдер боюнча бардык милдеттенмелерин аткарат.