Бишкекте жаңы заманбап мечит ачылды. Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан Салим уулу Аблиз ажы атындагы мечиттин курулушун жеке ишкер каржылаган.
Ал архитектуралык өзгөчөлүгү жана жасалгалары менен айырмаланып турат. Тиешелүү бардык шарттары бар мечит 700 кишиге ылайыкталган.