Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Беларустун Кыргызстандагы Элчиси Андрей Страчко менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коомдук транспортту, коммуналдык чарбаны өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо эки тарап үчүн маанилүү экенин белгилеп, мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдиришти.