Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Албаниянын Кыргызстандагы Элчиси Кастриот Робо менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Эмилбек Абдыкадыров борбор калаа тууралуу маалымат берип, шаардык кызматтардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен бөлүштү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Бишкек мэриясынын Албания муниципалитети менен келишимдик-укуктук базасы болгон эмес.