Жаңылыктар
Мектептерге биринчи сабакка дене тарбияны киргизүү сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге биринчи сабакка дене тарбияны киргизүү сунушталууда

Өспүрүмдөрдүн дени сак жашоосу көпчүлүктү ойлондурат. Адистердин пикиринде, акыркы кезде мектеп жашындагы балдардын саламаттыгында көп көйгөйлөр жаралып, аны көпчүлүк ата-энелер менен мугалимдер убагында билбей калып жатышат. 

Үйдө балдарга ата-энелери жетиштүү көңүл бурбагандыктан, балдарды түйшөлткөн оорулар көз жаздымда калууда. Өлкөдөгү жалпы калктын бештен бир бөлүгүн 14 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт. Тез-татым тамактар, телефон менен көп убакыт өткөрүү жана кыймылдын аздыгы балдарды дене мүчөсү калыптанып келе жатканда ар кандай күтүүсүз ооруларга дуушар кылууда. 

Бул маалда баланын организми өзгөчө көңүл бурууну жана сергек жашоону талап кылат. Эл аралык уюмдар буга чейин элет жеринде жашаган балдар арасында иликтөө жүргүзүп, алар шаардагы балдарга караганда бир топ активдүү жана чыйрак болорун аныктаган. Андыктан, Билим берүү министрлиги мектептерге биринчи сабакка дене тарбияны киргизүүнү сунуштоодо.