Жаңылыктар
Көмүскө экономиканы ачыктап, активдердин сакталышын камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүскө экономиканы ачыктап, активдердин сакталышын камсыздоо

Көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартып, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталган мыйзам долбоорун ишкерлер да колдоп жатат. Алардын пикиринде көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, мыйзамдуу иш алып баруу менен бирдей атаандаштык түзүлөт. Дүйшөмбүдө Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрүнүн жана бинес-коомчулуктун катышуусунда бул шартты бекемдеген "жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды.