Жаңылыктар
Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин Сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.
Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго чын ден соолук, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган Түркмөнстан элине бакубаттык жана өнүгүү каалады.