Президент Садыр Жапаров 21 өлкөнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды.
Алар Германия, Албания, Мексика, Мавритания, Норвегия, Таиланд, Латвия, Эфиопия, Йемен, Италия, Бельгия, Босния жана Герцеговина, Гана, Румыния, Эстония, Доминикан, Канада, Түндүк Македония, Испания, Греция, Бириккен Араб Эмираттары.
Ар бир дипломатты өзүнчө кабыл алган өлкө башчысы элчилер менен мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселелерин ортого салды. Элчилер бардык багыттар боюнча карым-катнашты бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилешти.