Бишкекте "EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2022" ири өнөр жай көргөзмө-жарманкеси ачылат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди. Иш-чара 23-марттан 1-апрелге чейин созулат.
Программа көргөзмө жана жарманке деген эки бөлүктөн турат. Жарманке 25-мартка чейин өтүп, ага ЕАЭБ мамлекеттеринин өкүлдөрү катышары белгиленди. "Коноктор курулуш, дизайн, интерьер, транспорт, логистика, лизинг, энергетика, өрт жана техникалык коопсуздук тармактары, банк, камсыздандыруу компанияларынын кызматтары менен тааныша алат. Көргөзмөнүн жалпы аянты эки миң чарчы метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми көргөзмөнүн максаты — ата мекендик жана чет элдик сапаттуу продукция менен кызматтарды ички, тышкы рыноктордо алдыга жылдыруу, Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык, илимий-техникалык, маданий кызматташууну илгерилетүү болуп эсептелет.