Жаңылыктар
ШКУ менен Интерпол террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
ШКУ менен Интерпол террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташат

Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык террорчулукка каршы түзүмү менен Интерпол террорчулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешип иштешүү планын даярдоодо. Бул тууралуу ШКУнун маалымат кызматына таянып РИА Новости кабарлады. 

Билдирмеге караганда, ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмүнүн директору Руслан Мирзаев менен Интерполдун контртерроризм боюнча директору Грегори Хайндс эки уюмдун ортосундагы меморандумдун алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашкан. 

Эске салсак, 2014-жылдын ноябрь айында ШКУнун Аймактык террорчулукка каршы түзүмү менен Интерпол террорчулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча эки уюмдун кызматташтыгын кеңейтүү меморандумуна кол коюшкан.