Президент Садыр Жапаров өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жыйында дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык абалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду. Талкуунун жыйынтыгы боюнча өлкө башчысы бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.