Сириядагы согуштук аймакка баруу максатында, “Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн” деген шек менен чет элдик жарандар кармалды.
УКМК билдиргендей, кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен бирге жашынып жүргөн. Алар Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймакта эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан.
Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.