Пандемия мезгилинде өлкөнүн бизнес чөйрөсү жалпы 8 миллиард сомго зыян тартканы айтылган. Дүйнөнү каптаган каатчылык ишкерчиликти кыйгап өткөн жок.
“Өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында, пандемиядан келип чыккан кризисте кичи, чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүлүүдө. Учурда ишкерлерге 18 айга коммерциялык банктар аркылуу 1 млн сомго чейин пайызсыз насыялар бериле баштады.