Дүйнөдө акча бирдиктеринин түрлөрү көп. Алардын ичинен дүйнөлүк экономикада доллар менен соода жүгүртүү басымдуу болгон. Бирок кандай гана акча бирдиги болбосун, шартка жараша наркы түшүп, же көтөрүлүп турат.
Андыктан туруктуулукту сактоо максатында Кыргызстан акча бирдигинин алтернативасы - алтын куймаларын колдоно баштады. Аны сатып алуучулардын саны да өстү.