«Кыргызстан», «Керемет» жана РСК банктарында Visa жана Mastercard карталары иштебей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Economist басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Журналисттер банктардын процессинг борборлору Орусияда жайгашканын, буга чейин Visa жана Mastercard Орусия менен иштешүүдөн баш тартканы менен түшүндүрүштү. Буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы да өлкөдөгү айрым банктардын Visa жана Mastercard карталары иштебей калышы мүмкүндүгүн эскертип, «Элкарт» карталарына өтүүнү сунуштаган.