Жаңылыктар
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 944 млн куб метрди түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 944 млн куб метрди түздү

14-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 944 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 164 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 209 куб метрге жетүүдө.