Кыргызстанда 14-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталып, адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, илдет Бишкек шаарынын тургундарынан табылды. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 184 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 742 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 195 миң 873 киши айыгып чыкса, 2 миң 973 адам каза болду.