Анталья шаарында Дипломатиялык форумдун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Словениянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Станислав Рашчан менен жолугушуусу өттү.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерине токтолуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Бул максатта тараптар ТИМ аралык консультацияларды жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу пландарын талкуулашты.
Казакбаев экономикалык кызматташтыктын алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, атап айтканда, Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-словения өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү жана экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кыргыз тарап кол коюуга даяр экендигин билдирди. Рашчан 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында Европа Биримдиги - Борбор Азия биринчи экономикалык форумун ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, эки региондун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргызстандын ролун белгилеп, бул форматтын мындан ары да улана тургандыгына ишеничин билдирди.