Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды.
Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бул бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” жана “Рейтерс” маалымат агенттиктеринен гана ала турган болду.
Улуттук банктын 2013-жылы кабыл алынган токтомунун 22-пунктунда сом менен рублдин курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталары көрсөтүлгөн. Жаңы токтомдо бул пункт убактылуу күчүн жоготту.