Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-февралында Аламүдүн райондук ИИБне 1980-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип 115 миң сомго автоунаасын алып, алгач 10 миң сомун берип, калган 100 миң сомдон ашуун акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Алдамчылык” беренси боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1991-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.