Жаңылыктар
Сугат мезгилине даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Сугат мезгилине даярдык

Орто токойго топтолгон суунун көлөмү сары-өзөндүк ар бир дыйканды ойлонтпой койбойт. 

Анткени айдаган арпасы, эккен эгини, жашылча-жемишинин түшүмү андан келген сууга көз каранды. 

Былтыркы суу тартыштыгынан улам дал ушул Чүйлүк дыйкандардын жаздагы эмгегинин акыбети кайтпай калды. 

Айрыкча батыш райондорго суу жетпей арпа-буудай жерден көтөрүлүп эле баш алып кетти. 

Миңдеген гектарга жүгөрү айдаган дыйкандар жылжыган сууну айдоонун аягына жеткире албай кыйналышты.