Жаңылыктар
Антикризистик комитет түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Антикризистик комитет түзүлдү

Министрлер Кабинетинин чечими менен Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү. 

Аталган чечим Президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган. 

Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.