Чаткалда кар көчкү астында калган малды кар астынан чыгаруу иштери уланууда.
Кечээ 12-мартта Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында 1 млн куб метр көлөмүндөгү кар көчкү 3 сарайды мал жандыктары менен кошо басып калган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен айыл тургундарынын болжол менен 156 кой, 6 жылкы жана "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү жеңил унаасы кар көчкү астында калган.
Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Кырсык катталган аймакка ӨКМдин Чаткал райондук бөлүмүнүн жетекчиси башында турган 17 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматтарынан 17 кызматкер жана 2 бирдик жүктөгүч, 1 бирдик трактор тартылган.