Маалыматта айтылгандай, 10-мартынан 15-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Мындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Кара-Гөө ашуусунда, Каракол- Эңилчек унаа 45-48, 65-90- чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул багыттар боюнча жолго чыккан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.