COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.
Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 662 адам алды, жалпы 1 млн 464 миң 531 адам, экинчи дозасын 351 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 207 миң 541 адам, бустердик дозаны 856 адам алды, алардын жалпы саны 137 миң 472 адамга жетти.