Жаңылыктар
Жаштарды заман талабына жараша кесип тандоого үйрөтүү боюнча ачык эшик күнү өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаштарды заман талабына жараша кесип тандоого үйрөтүү боюнча ачык эшик күнү өттү
Жаштарды заман талабына жараша кесип тандоого үйрөтүү боюнча Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейде ачык эшик күнү өттү. 
Иш-чарага борбордун жана Чүй облусунун мектептеринин бүтүрүүчү класстары катышты. Лицейде компьютер оңдоо, ашпозчу, телефондорду оңдоо, программалык системаны камсыздоо сыяктуу адистиктерге даярдашат. Балдар 9-класстын базасы менен эки жыл контрактык жана бюджеттик негизде билим алып, келечектеги кесибине багыт алышат. Быйыл заман талабына жараша жаңы окуу жылында программист кесибине кабыл алынат. Акыркы беш жылдан бери рыноктогу суроо-талап көп жараткан кесиптерди тандаган жаштардын саны көбөйдү.