Бажы комиссиясы дан азыктарын Орусиядан ЕАЭБ мамлекеттерине алып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Федерациянын экономиканы өнүктүрүү министрлигинин билдирмесине таянып РИА Новости жазды.
Ага ылайык, бул чечим 2022-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болуп, Орусиядан буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү жана кумшекер алып чыгууга тыюу салынган. Башкача айтканда, эми ЕАЭБ мамлекеттери Орусиядан 31-августка чейин дан азыктарын жана кумшекер ала алышпайт. Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү сунуш Россиянын Айыл чарба министрлигинен түшүп, комиссиянын чечими биринчи вице-премьер Андрей Белоусов менен макулдашылган.
Министрлик ички рыноктогу бааны турукташтыруу үчүн дан азыктарын ЕАЭБден тышкары алып чыгуу тарифтик квота жана экспорттук пошлина менен чектелгенин эскертти. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Россиянын өзүнө дан азыктары жетиштүү. Аларды экспорттого тыюу салуу айыл чарба продукциясынын сыртка агылышына бөгөт коёт. Министрлик ЕАЭБ мамлекеттери бул сезондо аталган продукцияны пошлинасы жок жетиштүү көлөмдө сатып алганын белгиледи.