Жаңылыктар
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы ысырапкорчулукка каршы фатва чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы ысырапкорчулукка каршы фатва чыгарды

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы «Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулуктун алдын алуу жөнүндө» фатва чыгарды. 

Фатвада «Курандан», хадистен бир катар мисалдар келтирилип, сөөк чыккан үйдө үч күнгө чейин казан асылып, келгендерге тамак берилбеши керек экени эскертилет. Ошондой эле жакынын жоготуп, аза күткөн адамдын малын союп, аларга тамак жасатуу шариятта макүрөө болору айтылат. Андан тышкары маркумдун артында балакатка жете элек балдары калган болсо, мындай учурда жаназага келгендерге тамак берүү арам болуп калат. 

«Маркумга атап, үчүлүк, бейшембилик, кыркылык, жылдык өткөрүү бир дагы диний китепте айтылган эмес. Маркумду коюп жатканда жыртыш таратуу, кийит кийгизүү шариятта жок. Күмбөз тургузуу, эстелик коюу, коргон айлантуу шариятта жок нерсе, ысырапкерчилик. Ага кете турган акчаны жетим-жесирлерге, жакыр-муктаждарга берсе, сообу, пайдасы көбүрөөк болот»,- деп айтылат Фатвада. Аны аткаруу Кыргызстандагы бардык мусулмандар үчүн шарияттык милдет болуп эсептелет.