Жаңылыктар
Мигранттар которгон акча каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан которулат
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттар которгон акча каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан которулат

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айында 177,1 миллион доллар чет жактан келип түштү. Бул тууралуу Улуттук банктын статистикалык маалыматында жазылган. 

Каражатты жеке жактар акча которуу системасы аркылуу жүргүзгөн. Каражаттын басымдуу бөлүгү — 171,9 миллион доллар Россиядан которулган.

Эгер ушул мезгилди 2005-жылдан берки мөөнөткө салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд жаратат. Тагыраак айтканда, өткөн жылга караганда 25,6 миллион долларга көп. Белгилей кетсек, былтыр жыл ичинде мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 756 миллион сом которгон.