Жалал-Абад облусунда 4 жерге кар көчкү түшүп, тазалоо иштеринен кийин унаа жол бир тараптуу ачылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-мартта болжол менен 12:50 чамасында Ала-Бука - Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 72-75-чакырым аралыктарында Чоң-Сай тилкесинде 4 жерден болжол менен 395 миң 200 м3 кар көчкү түшүп, жолду тосуп калган.
ӨКМден жерине Чаткал райондук Өзгчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, гидрометеорология кызматы, Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада жол 10-март күнү 23:00 бир тараптуу ачылганын маалымдайт.