Үстүбүздөгү жылы январь-февраль айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала баалоо боюнча, 90 млрд сомдон ашты.
Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырганда 2%га өскөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишкананы эсепке албаганда үстүбүздөгү жылы январь-февралда ИДПнын көлөмү 86 млрд сомдон ашып, 2,8%га өскөн.